Түзүлүш

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси (мындан ары – КӨФ) укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык жак статусуна ээ.

КӨФтүн толук расмий аталышы:

1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси;

2) расмий тилде: Учреждение «Фонд развития навыков» при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.

КӨФтүн кыскартылган аталышы:

– кыргыз тилинде: КӨФ;

– орус тилинде: ФРН.

КӨФтүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти – 22.

КӨФтүн башкаруу органдары:

1) уюмдаштыруучу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат;

2) тейлөөчү орган болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги саналат;

3)     жумушчу орган болуп КӨФтүн Тандоо комитети саналат;

4) башкаруунун аткаруучу органы болуп КӨФтүн аймактык кызматкерлери да отчеттуу болгон аткаруучу директор жетектөөчү Катчылык саналат.

Тейлөөчү орган:

КӨФтүн уюштуруучунун атынан КӨФтүн тейлөөчү органы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги болуп саналат, ал КӨФтүн уюштуруу жана функционалдык ишине Министр, КӨФтүн тейлөөчү Министрдин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү башкармалыгы/бөлүмү аркылуу түздөн-түз катышат.

КР ЭСКММ (1) Уставга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана КӨФтүн ишине тиешелүү болгон юридикалык документтерге ылайык Ф КӨФтүн ишине багыт берет жана контролдойт, (2) КӨФтүн жумушчу пландарын жана бюджетин, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, КӨФтүн кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторун, атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду жана башка коштоочу документтерди бекитет. КӨФтүн тейлөөчү органы ошондой эле КӨФтүн жетишкен натыйжалары, көрсөткүчтөрү жана индикаторлору үчүн жамааттык жоопкерчилик тартат.

Тандоо комитети:

КӨФтүн жумушчу органы болуп саналган Тандоо комитети Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү буйругу менен түзүлөт жана бекитилет.

Тандоо комитети 5 адамдан турат – макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн.

КӨФтүн Тандоо комитетинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү саналат.

КӨФтүн Тандоо комитетинин отурумдары зарыл болгон учурда өткөрүлөт, бирок кварталда бир жолудан кем эмес, аларда:

1) КӨФтүн Катчылыгы тарабынан сунушталган квалификациялоонун алдындагы тандоодон өткөн окуу жайлар жана курстар каралат, макулдашылат жана протокол менен бекитилет;

2) адистиктер, аймактар жана республиканын окуу жайлары боюнча окутууга карата комплекттелген группалар бекитилет;

3) өзүнүн компетенциясынын алкагында КӨФтүн башка жумушчу маселелери макулдашылат жана бекитилет.

КӨФтүн директору:

КӨФтү директор жетектейт, ал кызматка Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.

КӨФтү директору Уставтын, Жобонун, Операциялык колдонмонун жана ошондой эле башка КӨФго тиешелүү Кыргыз Республикасынын укуктук нормалык актылары менен иш алып барат.

Menu