Фонд развития навыков Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу

“Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду”

мекемеси

Урматтуу кардарлар жана жеке абитуриенттер, Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (мындан ары – КӨФ) өлкөнүн бардык аймактарында кесиптик лицейлердин, колледждердин жана жеке окуу борборлорунун базасында квалификациялуу адистерди даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурат.

КӨФтүн уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат. КӨФтүн негизги максаты – эмгек рыногунун муктаждыктарына туруктуу жана ыкчам жооп кайтарууну колдоо болуп саналат, экономиканын тармактарын иш берүүчүлөрдүн буйругу менен жеке арыз берүүчүлөрдүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды квалификациялуу окутуу, талап кылынган кадрлар менен камсыз кылуу.

КӨФтүн милдеттери – жумуш берүүчүлөрдүн жана калктын керектөөлөрүнө ылайык жумушчуларды жана адистерди даярдоо (кайра даярдоо), квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы учурдагы тенденцияларга карата профессионалдык жана граждандык кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруу.

КӨФтүн функциялары: (1) социалдык мобилизацияны жогорулатуу үчүн окутууну, маалыматтык жардам көрсөтүүнү жана потенциалды өнүктүрүүнүн башка формаларын уюштуруу, бул боюнча билим берүү мекемелери жана башка кызыкдар тараптар менен биргелешкен пландоо жана биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү, (2) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, (3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте билим берүү чөйрөсүндө консультациялык-эксперттик кызматтарды көрсөтүү, (4) кесипти тандоо боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана ар турдуу профессионалдык, граждандык окуу курстарын жана өлкөнун граждандарына башка жардамдарды издөө.

2017-жылдан бери КӨФ аркылуу 29 миңге жакын адистер даярдалган, алардын 69 % ишке орношкон. Сиз ошондой эле жаңы кесиптерди үйрөнө аласыз, же кызматкерлериңиздин квалификациясын жогорулата аласыз, бул үчүн:

– кесипти, окуу аймагын жана окуу жайын тандоо;

– суроо-талап калтырып, Сизге ыңгайлуу курстун графигин макулдашу;

– өзүңүз окутуңуз, же кызматкерди окууга жибериңиз жана курстарга барыңыз.

КӨФтун артыкчылыктары:

Билим берүү

Сапаттуу окутуу жана квалификацияны жогорулатуу;

Курстар

1 айдан 6 айга чейинки кыска мөөнөттүү курстар;

Сертификация

Сертификатты ыйгаруу;

Кесиптер

Республиканын 98 окуу жайларында 127 кесиптер;

Жеткиликтүүлүк

Бардык аймактарда каттосуна карабастан окутуу мүмкүнчүлүгү;

Талап кылынуучу документтердин аздыгы

Паспорттун көчүрмөсү (ID) жана 1 сүрөт 3×4 см.

Приоритеттүү тармактары:

  • null

    Курулуш

    ширетүүчү, бетончу, сантехник, жыгач уста, шыбакчы-сырдоочу ж.б.

  • null

    Тамак-аш өнөр жайы

    ашпозчу, кондитер, наабайчы, кант өндүрүүчү аппараттын оператору ж.б.

  • null

    Жеңил өнөр жайы

    тигүүчү, бычмачы, кесүүчү, тигүү жабдууларын оңдоочу устасы ж.б.

  • null

    Айыл чарба

    кичүү ветеринар, тракторист-машинист, балчы, өсүмдүктөрду багуу, бакча өстурүү ж.б.

  • null

    Кызмат сектору

    чач тарач, визажист, тиричилик техникасын оңдоочу, официант ж.б.

  • null

    Энергетика

    электр куроочу, өнөр жай жабдууларын слесарь-ремонттоочу, электрик ж.б.

  • IT технологиялар

    ЖК колдонуучусу, ЖК оператору, веб-дизайнер, графикалык дизайнер ж.б.

  • Транспорт

    автослесарь, автоэлектрик, троллейбустун айдоочусу, «С, D» категориясынын айдоочусу ж.б.

  • Тоо-кен өнөр жайы

    жер астындагы өткөөлчү, бургулоочу станоктун оператору, тоо-кен жумушчусу ж.б.

  • Туризм

    туроператор, гид-экскурсия жетекчиси, портер, мейманкана администратору ж.б.

Жаңылыктар

Жаңыртылган КӨФтүн ченемдик документтер

0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 токтому менен бекитилген КӨФтүн Уставына ылайык, КӨФ юридикалык жактан кайра каттоодон өткөндөн…

Тарыхый ийгилик

Menu