КӨФ институтташтыруу – юридикалык мекеме

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) 2016-жылдын аягында эл аралык Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) долбоорунун компоненти катары түзүлгөн.

КӨФтүн институтташтыруунун алкагында, ошондой эле 2019-2020-жылдары КӨФтүн институтташтыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жылдык ишин аяктагандан кийин, жана анын сунуштамаларын кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө» токтому кабыл алынган (2021-ж. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу ведомстволук таандыгы өзгөртүлдү).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 18-декабрындагы №681 Буйругу менен КӨФтүн аткаруучу директору дайындалып, андан кийин 2020-жылдын 31-декабрында мекеме өз алдынча юридикалык жак катары катталган (ИНН 03112202010047).

2021-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйруктары менен Регламент, Операциялык колдонмолор, Өнүгүү концепциясы, Тандоо комиссиясынын курамы, КӨФтүн штаттык курамы жана башка уюштуруу чаралары бекитилген.

 

 

 

 

 

 

Постановление ПКР о ФРН_550 от 13.11.20 г.

 

 

Menu