2022-жылы КӨФтүн Тандоо комитетинин отурумдары жана анын жыйынтыктары

КӨФтүн  Тандоо комитети (мындан ары – ТК) мекеменин жумушчу органы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү буйругу менен түзүлөт жана бекитилет (курам жөнүндө акыркы буйрук – 14.01.2022 № 5).

2022-жылы КӨФтүн 4 отуруму болуп өттү, анда (1) КӨФтүн Катчылыгы тарабынан сунушталган окуу жайлары каралып, макулдашылды жана квалификациялык тандоодон өткөн курстар каралып бекитилген, (2) окуу топтор жана республиканын региондору боюнча окуу жайлары бекитилген, (3) өз компетенциясынын чегинде КӨФтүн башка иш маселелери макулдашылган жана бекитилген.

Натыйжада, 2022-жылы өлкөнүн бардык аймактарындагы 97 билим берүү мекемеси КӨФтүн ТК аркылуу бекитилип, алар КӨФтүн алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн (70 кесиптик лицей, 8 колледж, 16 жеке билим берүү борбору жана 3 университет/институт), ошондой эле бул окуу жайларында 125 кесип бекитилген. Келечекте КӨФ ушул 97 билим берүү мекемелери менен кызматташуу боюнча Келишимдерге кол коюлган.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы КӨФтүн ТК жыйналыштарында КӨФ тарабынан бүтүргөн 2972 студентке 217 окуу тайпасы каралып, бекитилген.

Menu