Жаңыртылган КӨФтүн ченемдик документтер

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 токтому менен бекитилген КӨФтүн Уставына ылайык, КӨФ юридикалык жактан кайра каттоодон өткөндөн кийин, ошондой эле андан ары мекеменин натыйжалуу иштеши үчүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министири 2022-жылдын 11-февралындагы № 22 буйругуна кол коюлган.

Буйрука ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун» мекемесинин Операциялык колдонмосу, Жобосу жана Өнүктүрүү концепциясы бекитилген.

Жалпысынан КӨФ үчүн жогоруда аталган документтер максаттарды жана милдеттерди, иштин жол-жоболорун жана механизмдерин, ыйгарым укуктарды жана милдеттерди, келечекте жетүү үчүн пландарды жана индикаторлорду камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси өз ишин Уставга жана жогоруда көрсөтүлгөн документтерге ылайык жүргүзүүсү зарыл.

Menu