2022-жылдагы КӨФтүн Тандоо комитеттин биринчи отуруму жана анын натыйжалары

2022-жылдын 16-февралында, КӨФтүн Тандоо комитетинин быйылкы биринчи отуруму болуп өттү.

КӨФтүн Уставына жана Жобосуна ылайык, Тандоо комитет жумушчу органы болуп саналат:

  • Уюштуруучунун, башка министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын өкүлдөрүн кошкондо 5 адамдан турат;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү буйругу менен түзүлөт жана бекитилет;
  • КӨФтүн Катчылыгы сунуштаган, алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн окуу жайларды жана курстарды өзүнүн жыйналыштарында карайт, координациялайт жана протокол менен бекитет;
  • Республиканын адистиктеринин, региондорунун, мөөнөттөрүнүн жана окуу жайларынын контекстинде окутуу үчүн аяктаган топторду бекитет;
  • Өз компетенциясынын чегинде КӨФтүн башка иш маселелерин макулдайт жана бекитет.

Тандоо комитетин  бүгүнкү жыйынында төмөнкү маселелер каралып, кабыл алынды:

  1. КӨФтүн алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн 90 окуу жайдын мурда алынган лицензияларынын актуалдуулугун эске алуу менен, алар менен 2021-жылы түзүлгөн келишиминин колдонуу мөөнөтүн 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартуу;
  2. Документтерди карап чыгып, КӨФ алдын ала квалификациядан өтүүгө арыз берген окуу жайларынан кесиптер боюнча маалыматтарды талкуулап, алардын алдын ала квалификациясын бекитүү, ошентип, алардын жалпы саны тандалып алынган 121 кесип боюнча 91 окуу жайын түзсүн;
  3. Республиканын региондорундагы окуу жайлары КӨФтүн курстарына 65 (алтымыш беш) окуу топторун (873 адам) Контракттарды түзүү менен кабыл алуу, бекитүү жана алардын наркынын 70%ын каржылоо;
  4. КӨФтүн Катчылыгы жана аймактык координаторлору уюштуруу иштерин жана окуу жайлары менен түзүлгөн Макулдашуунун алкагында курстарды өткөрүүгө мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле 2022-жылга жаңы окуу топторун бүтүрүү боюнча иш-чараларды улантышсын.

Жыйындын тийиштүү Протоколу кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун алкагында 2022-жылга кыска мөөнөттүү окуу курстарынын жаңы топторуна киришүү башталды.

КӨФтүн аймактык координаторлорунун ишинин, КӨФтүн Катчылыгынын жакшы координацияланган жана республиканын аймактарындагы өнөктөштөр менен кызматташуунун аркасында жакын арада өлкөнүн бардык аймактарында 873 студентке 65 окуу тобу үчүн окуу курстарын баштоого мүмкүн болду.

 

Menu