КӨФтүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоосу

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 токтому менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин (КР ЭСӨМ) алдында “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси түзүлүп, анын уставы жана штаттык саны бекитилген.

2021-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын оптималдаштыруудан кийин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык касыздоо жана миграция министрлигине (КР ЭСКММ) караштуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун ведомстволук таандыгы да өзгөрдү. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому 2021-жылдын 17-декабрында № 318 каралып, макулдашылган жана кабыл алынган, ага ылайык КӨФтүн Уставына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 13-январындагы № 17 буйругу менен КӨФтүн аткаруучу директору кайра бекитилип, андан кийин документтердин бардык толук пакети Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгына кайра каттоодон өткөрүү үчүн берилген.

Келечекти ойлон, КӨФкө кайрыл!!!
Menu