Эмгек мигранттарды – Кыргыз Республикасынын жарандарын, окутуу

Бүгүн, 2022-жылдын 9-февралында, КР ЭСКММ алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда окуу жайлары жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болду. Анда Кыргыз Республикасынын жарандары Корея Республикасына жана Европага иш издегендерге (эмгек миграциясы) КӨФтүн кыска мөөнөттүү курстарында кесиптик билим берүү маселелери талкууланды.

Бул багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу, жөнөтүү жана ишке орноштуруу боюнча маселелер, перспективалар, пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. КӨФтүн ишмердүүлүгү, анын милдеттери, иш тартиби жана механизмдери тууралуу маалымат жана презентация берилди.

Бишкек жана Ош шаарларында тил курстарын өткөрүп жаткан айрым окуу борборлору каалоочулардын билимин жогорулатуу максатында КӨФтүн алдын ала квалификациялык тандоого катышууга кызыкдар экенин билдиришти (курстардын баасынын 70% К КӨФ тарабынан каржыланат).

Menu