Улуттук квалификациялык кеңештин биринчи отуруму

Бүгүн, 2022-жылдын 26-январында Улуттук квалификациялык кеңештин (УКК) биринчи отуруму болуп өттү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, улуттук квалификациялык системаны түзүү компетенцияларды жана кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү деңгээлин жогорулатууга жетишүүнүн эң маанилүү экономикалык куралы катары каралат.
«Бүгүнкү күндө өлкөнүн алдында кечиктирилгис мамлекеттик милдет турат – ата мекендик адистердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул адамдык капиталга болгон инвестиция бизге көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Бул үчүн кесиптик билим берүүнү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы эффективдүү саясаттын ыкмаларын колдонуу зарыл. Биз кыргызстандыктар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болушу үчүн адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүшүбүз керек”,-деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов (УККнын төрагасы).
Улуттук квалификациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 токтому менен түзүлгөн.
УОКтун негизги милдети – мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын өлкөдөгү улуттук квалификация системасын өнүктүрүүнү пландаштыруу, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча ишин координациялоо.
Катчылык – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги.

  

Menu