Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү КӨФкө окууга мүмкүнчүлүк алышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык касыздоо жана миграция министрлигинде министрликке караштуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) менен «Оэйсис» Коомдук кайрымдуулук фондунун (ККФ) ортосунда кыска мөөнөттүү окуу курстарын каржылоо боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын бүтүрүүчүлөрү, адам сатуунун курмандыктары жана өлкөнүн бардык аймактарында оор турмуштук кырдаалга туш болгондор үчүн КОФ 70 % жана ККФ 30% каржылайт.

Бул окутуу республиканын кесиптик лицейлеринин, колледждеринин жана жеке окуу борборлорунун базасында студенттерди эмгек рыногунда талап кылынган жаңы көндүмдөрдү жана кесиптерге ээ болуу үчүн тийиштүү сертификатты берүү менен кесиптик жана жарандык кыска мөөнөттүү курстарда ишке ашырылат.

Калктын бул категориялары учун КӨФтүн окуу группаларын кадрлар менен толуктоого езгече көнүл бурулат. КӨФтүн маалымат базасында 120 кесип бар (кесиптердин тизмеси frn.kg сайтынын тиешелүү бөлүмүндө).

КЕЛЕЧЕКТИ ОЙЛОН, КӨФкө КАЙРЫЛ !

Menu