Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун жаңыланган/бекитилген Уставы

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүн оптималдаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу мурда түзүлгөн «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонд» мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонд» мекемесине өзгөртүүсү каралган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы чогулушунда «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 318 токтому кабыл алынган.

Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздооо жана миграция министрлигине караштуу «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондуну» мекемесинин жаңыланган Уставы кайрадан бекитилди.

Ошентип, жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу КӨФтүн юрисдикциясы өзгөртүлдү. Жакынкы мезгилде КӨФтүн аткаруучу директорунун кандидатурасы жактырылгандан жана кээ бир уюштуруу маселелери чечилгенден кийин КӨФ юстиция органдарында кайра катталат.

Сканер пост.Кабмина КР-318 от 17.12.2021 г.

Menu