Көп берилүүчү суроолор

КӨФтүн ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө биздин көптөгөн өнөктөштөр, кардарлар жана жөн гана кызыкдар адамдар бизге КӨФтүн кыска мөөнөттүү курстарын уюштуруунун жол-жоболору, механизмдери жана шарттары боюнча ар кандай суроолор менен кайрылышат. Бул бөлүмдө биз КӨФ жөнүндө эң көп берилүүчү суроолорду жана аларга жоопторду сунуштайбыз, алар Сизге жардам берет деп үмүттөнөбүз (жалпысынан, КӨФтүн бардык максаттары, милдеттери, процедуралары жана шарттары биздин веб-сайттын тиешелүү бөлүмдөрүндө баяндалган).

  1. КӨФтүн курстарынын негизги максаты эмне?

КӨФтүн курстарынын негизги максаты – эмгек рыногунда талап кылынган кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жана кыска мөөнөттүү курстарды уюштурган окуу жайлары менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

  1. КӨФтүн курстарында кимдер окуй алат?

Кыргыз Республикасынын 16-жашка толгон жана паспорту бар, ошондой эле арыз берген учурда жумушсуз жана жумушсуздар катмарына кирген жарандары. Ошондой эле жумуш менен камсыз болгон жарандар иш берүүчүнүн/кардардын көрсөтмөсү боюнча окуудан/кайра даярдоодон/квалификациясын жогорулатуудан өтө алышат.

  1. КӨФтүн курстарында кайсы кесиптерге окуса болот?

Биздин курстарда 127 кесип боюнча билим ала аласыз. Алардын толук тизмеси биздин веб-сайттын тиешелүү бөлүмүндө жайгашкан.

  1. КӨФтүн курстарына кайсы аймактарда окуса болот?

Өлкөбүздүн ар бир аймагында КӨФтүн аймактык өкүлдөрү бар, алар Сиздерге бардык керектүү кеңештерди жана жардамдарды беришет.

  1. Окуу процеси кайда өтөт?

Окутуу республика боюнча жайгашкан мамлекеттик жана жеке 98 окуу жайлардын жана борборлордун базасында жүргүзүлөт.

  1. Практикалык көндүмдөргө окутуу барбы?

Ооба, албетте, КОФтун шарттарына ылайык, окутуунун 1/3 бөлүгү өндүрүштүк окуу катары мекеме-ишканалардын базасында өтүшү керек.

  1. Курстардын узактыгы канча?

Жалпысынан алганда, курстардын узактыгы бир нече жумадан 6-айга чейин созулат. Окуунун узактыгы кесибине, алган наамына ж.б. жараша.

  1. КӨФтүн курстарында окуу канча турат?

Окутуунун баасы тандалган кесипке жана курстардын узактыгына жараша болот. Орто эсеп менен алганда, бүткүл окуу курсуна 4,5-12,5 миң сомду түзөт.

  1. КӨФ тарабынан кошумча төлөм барбы?

Ооба, КӨФ курстардын наркынын бир бөлүгүн жабат, ал эми калганын жеке окууга тапшыруучу өзү, же аны окууга жөнөткөн иш берүүчү тарабынан төлөнөт.

  1. Курстарды бүтүргөндүгү тууралуу сертификат беришеби?

Ооба, КӨФ курстарынын бардык бүтүрүүчүлөрү алган кесиби жөнүндө ырастоочу документтерди (сертификат) алышат.

  1. Кантип сиздин курстарыңыздын катышуучусу болуу керек?

Жеке адамдар үчүн – сиз КӨФ аймактык өкүлүнө паспорт менен кайрылып, тиешелүү Арызды толтуруңуз.

Юридикалык жактар ​​үчүн – Сиз КӨФ аймактык өкүлү менен байланышып, кызматкерлердин толук аты-жөнүн, же белгилүү бир кесипке окутулушу керек болгон жарандардын санын көрсөтүү менен тиешелүү Арызды толтуруңуз.

  1. Жумушка орношуу каралганбы?

Иш менен камсыз кылуу окууга/кайра даярдоого/квалификациясын жогорулатууга заказ берген иш берүүчү тарабынан ишке ашырылат. КӨФ курстарын аяктаган жеке абитуриенттер эмгек рыногунда талап кылынган кесипке ээ болушат, бул алардын жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мүмкүн болсо, КӨФ курстарды бүтүргөндөрдү ишке орноштурууга да жардам берет.

  1. Окутуучу катары КӨФ менен кызматташуу үчүн эмне керек?

Эгерде окуу жай КӨФ менен кызматташууну кааласа, анда КӨФ аймактык өкүлү менен байланышып, Арызды жана билим берүү ишин жүргүзүү үчүн бардык талап кылынган уруксаттарды, бекитилген окуу планын, кесип боюнча квалификациялык мүнөздөмөлөрдү ж.б. берүү зарыл.

Кызыгып, көңүл бурганыңыз үчүн рахмат.

 

Menu