Баткен

Жанжигитов Баатырбек учурда Баткенде «Кызыл-Булак» ЖЧКсында кен казуучулардын бригадири болуп иштейт. Ал бул жумушка жана кызматка эң биринчи кезекте КӨФ аркылуу кыска мөөнөттүү окуу курстарында алган кесибинин жана көндүмдөрүнүн аркасында жетишээрлик кыска убакытта жетишти. Баатырбек өз аймагынын эмгек рыногунда талап кылынган кесипти үйрөнгөнүнө абдан кубанычта экенин белгилейт. Азыр анын туруктуу жумушу жана туруктуу кирешеси бар.

Menu