Ыссык-Көл

Мен, Байышбек уулу Нурлан, Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун курстарынын аркасында пандемияга чейин официант болуп билим алгам. Үч айлык окууда теориялык жактан жакшы билим алып, практикалык көндүмдөргө ээ болуп, Ыссык-Көл облусунун Тоң районундагы «Манап» кафесине дароо кесибим боюнча жумушка орношуума шарт түздү. Менин билимимди, тырышчаактыгымды иш берүүчү баалап, ушул кафеге администраторлук кызматка которду эле. Учурда мурунку жумуштарыма караганда алда канча көп айлык алам жана буга абдан кубанычтамын, анткени апам жана инилерим мени колдоп турушат. Кесипке ээ болуу эч качан кеч эмес экенин түшүндүм. Рахмат КӨФкө!!!

Menu