Артыкчылыктар

КӨФ 98 окуу жайы менен кызматташат, анын ичинде 72 кесиптик лицей, 9 колледж, 14 жеке окуу борборлору жана 3 жогорку окуу жайы, ошондой эле 127 кесипке кыска мөөнөттүү курсарды уюштурат (2023-ж 31 декабрына маалымат).

==============================================================

КӨФтүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары

         КӨФ өз ишинде ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүн ишке ашырат, бирок алар менен чектелбейт:

  • Кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык курстарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн финансы каражаттарын менчик формасы ар түрдүү уюмдардан, Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана чет өлкөлүк жарандардан тартуу;
  • КӨФтүн улуттук деңгээлдеги да, жеке инвестициялык компаниялар менен да каржылануучу инвестициялык долбоорлордо, бул долбоорлор үчүн суроо-талапка ээ болгон кесиптерге окутуу жана кайра окутуу/квалификациясын жогорулатуу аркылуу катышуусу;
  • КӨФтүн улуттук жана эл аралык уюмдардын сурамдары боюнча кыска мөөнөттүү курстарды өткөрүү үчүн тендерлерге катышуусу;
  • Билим берүүчу кызматтарды көрсөтүү үчүн ар түрдүү менчик формасындагы ОЖ/ОБларды тандоо/алдын ала квалификациялоо;
  • КӨФтүн окутуу курстарын (даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу) иш берүүчүлөрдүн, иш менен камсыз кылуу кызматтары органдарынын жана жеке жактардын заказдарынын негизинде Кыргыз Республикасында да, чет өлкөдө да уюштуруу;
  • Калктын социалдык аярлуу катмарларына: жетимдерге, майыптарга, эмгек мигранттарга, аз камсыздалган жана көп балалуу үй-бүлөлөрдө өскөн адамдарга, качкындарга, балдар үйлөрүнүн/интернаттардын бүтүрүүчүлөрү, кесиптик багыт берүүдө жана кесипке ээ болуу үчүн жумушсуздарга көмөктөшүү;
  • Локалдык жана улуттук деңгээлдерде аялдар үчүн окутуунун кыска мөөттүү курстарын уюштуруу;
  • Иш берүүчүлөр менен окуу жайлардын ортосунда туруктуу өз ара аракеттенүү жана кызматташуу практикасын киргизүү, ошондой эле тигил же бул кесип боюнча компетенцияларды калыптандырууда иш берүүчүлөрдүн катышуусунун жаңы формаларын издөө жана алар менен иштөө;
  • Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ жумушчу кадрларды/ кадрларды даярдоо сапатын камсыздоо максатында КӨФтүн окутуу курстарын мониторингдөө жана көзөмөлдөө;
  • Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер, анын ичинде жаңы кесиптер боюнча окуу пландарын жана программаларды иштеп чыгууга, алардын экспертизасын жүргүзүүгө көмөктөшүү жана керектүү компетенцияга ээ адистерди издөө жана тартуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү чөйрөсүндө консалтингдик жана эскперттик кызматтарды көрсөтүү;
  • Өлкөнүн жарандарына кесипти тандоо, ар түрдүү кесиптик жана жарандык курстарды издөө жана бул багытта жардам көрсөтүү маселеси боюнча маалыматтык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
  • Окуу жайлардын да, иш берүүчүлөрдүн да сурамдары боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо/квалификациясын жогорулатуу үчүн окуу жайларга квалификациялуу, анын ичинде жогорку квалификациялуу кадрларды издөөдө көмөктөшүү;
  • КӨФтүн максаттарына жетишүү үчүн зарыл болгон конференцияларды, симинарларды, презентацияларды, тегерек столдорду, тренингдерди, мастер-класстарды, фестивалдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • Окутуу-методикалык адабиятты даярдоодо, басып чыгарууда жана жайылтууда көмөктөшүү, пиар-компанияларды жана башка маркетингдик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • Кадрларды даярдоонун жаңы инновациялык формалары тармагында, анын ичинде интернет аянтчаларында жана сайттарда тажрыйба алмашуу жана демонстрациялоо үчүн эксперименталдык аянтчаларды уюштуруу;
  • КӨФкө караштуу окуу борборлорун (класстарын) андан ары билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен түзүү жана кароо;
  • Калктын билим берүүчү кызматтарга болгон муктаждыктарын мониторингдөө;
  • Жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жана жумушсуз калктын арасында кесиптик багыт берүү иштери;
  • Кадрларды сапаттуу даярдоо максатында зарыл болгон алдыңкы технологияларды ишке киргизүү үчүн көмөктөшүү;
  • Ар кандай кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү курстарды өткөрүү үчүн чыгымдар сметасын жана алардын өз наркынын калькуляциясын түзүү;
  • Окуу курстарын уюштуруу үчүн акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
  • Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуу мастерлеринин, адистердин башка категорияларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн уюштуруу жана өткөрүү иштерине көмөктөшүү;
  • Окшош ата мекендик жана чет өлкөлүк фонддор жана коомдук бирикмелер менен байланыштарды издөө жана түзүү;
  • Кыргыз Республикасынын ичинде да, чет өлкөлөрдө да билим берүү чөйрөсүндөгү башка уюмдар менен тажрыйба алмашуу;
  • Ыйгарым укуктардын алкагында билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдарга сунуштарды берүү.

Келечекти ойлон, КӨФкө кайрыл!

==================================================

 

Menu