Жалал-Абад

Исмаил Мойдинов Жалал-Абад областынын «АсылАй» майыптар коомдук бирикмесинин мүчөсү, 2-топтогу майып жана «Персоналдык компьютердин оператору» кесиби боюнча КӨФтүн майыптар тобунун бүтүрүүчүсү. КӨФтүн курстарында алган көндүмдөрү калкка компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча жумушка орношууга жана кошумча киреше алууга мүмкүндүк берди. Машыгууга чейин ал майыптыгы боюнча пенсия менен гана жашап келген. Учурда ал компьютердик кызматтарды көрсөтүү, басып чыгаруу, ксерокөчүрмөлөө боюнча өзүнүн чакан бизнесин жүргүзөт, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн активдүү үгүт иштерин жүргүзүү боюнча аракет кылат. Учурдан пайдаланып, ал колдоо көрсөтүү менен жашоого үмүт берген КӨФкө  терең ыраазычылыгын билдирет.

Menu