Бишкек

Менин атым Аяна, мен 18 жаштамын. Мен КӨФтүн курстар жөнүндө досторумдан билип, өткөн жылы тапшырдым. Бир канча убакыттан кийин Бишкектеги №17 кесиптик лицейдин базасында КӨФтүн тобуна чач тарач курсуна чакырылдым. Курсту абитуриенттердин чыгармачылыгын ачууга, профессионалдык гана эмес, кардарлар менен баарлашуу көндүмдөрүн да өздөштүрүүсүнө жардам берген тажрыйбалуу мастер сабак берген. Окуу учурунда практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү максатында интернаттарга, карылар үйлөрүнө барып, чачыбызды бекер кырктык. Курсту аяктап, мамлекет тарабынан таанылган эң жакшы деген аттестат алдым, жеке чач тарачка ийгиликтүү орношуп, бүгүнкү күндө акча таап, апама, эжелериме жардам берип жатам.

Menu